• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Мектептер аралыктан окуу тартибине өтөт… Себеби?

25 Жетинин айы 2021 11:00 Бишкек Govori.TV

Айрым мектептер аралыктан окууга өтөт. Белгилүү болгондой, шайлоо тилкеси жайгашкан билим берүү мекемелери 29-ноябрда, дүйшөмбү күнү дистанциялык түрдө окушат.

Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, мындай чечим санитардык нормалардын сакталуусун камсыздоо максатында кабыл алынган.

«Ушул жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорду уюшкандыкта өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын кээ бир мектептеринин жана бала бакчаларынын имаратында участкалык шайлоо комиссияларын убактылуу жайгаштырууга уруксат берилген. Шайлоонун эртеси, дүйшөмбү күнү, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан мектепте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу шайлоо участкалары убактылуу жайгаштырылган мектептер жана бала бакчалар 29-ноябрда бир күнгө онлайн окутууга өткөрүлөт, ал эми калган мектептер жана бала бакчалар өз ишин штаттык режимде уланта беришет», — деп билдиришти министрликтен.

Ал эми Бишкектеги айрым мектептер эртең, тагыраагы жума күнү да аралыктан окуу чечимин кабыл алышкан.

Эске салсак, өлкөдө ЖК депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Количество просмотров: 288