• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мектептерде 2-чейректи кадимки режимде өткөрүү маселеси каралууда

3 Жетинин айы 2020 12:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларынын окуусун жандандыруу маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

«2-чейректи офлайн түрүндө өткөрүү тууралуу маселе каралып жатат. Кандай режимде, кайсы класстар мектептерде окуп баштайт деп талкуу болуп жатат. Бул маселе ар бир мектептин шарты менен каралат. Ал эми шаардык мектептерди ачуу боюнча дагы кече сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. 1-2 жуманын ичинде акыркы чечимди кабыл алабыз»,-деди Үсөнбаев.

Эске салсак, өлкө боюнча мектептер коронавирус пандемиясынан улам биринчи чейректи аралыктан окушту. 1-класстар сентябрь айы мектепке барып окуп, кийин өлкөдөгү саясий кырдаалдан улам дистанттык формага өткөн. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Республикалык штаб менен Саламаттык сактоо министрлигине экинчи чейректе мектептерди ачуу сунушун берген болчу.

Количество просмотров: 237