• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектептердеги коопсуздукту миңдеген милиция кызматкери камсыздайт

2 Аяк оона 202412:33 Бишкек Govori.TV

Жаңы окуу жылынын башталышына карата жарандардын коомдук коопсуздугун миңден ашуун милиция кызматкери камсыздоодо. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

2-сентябрдагы билим күнүндө 21 миң 500дөн ашуун 1-класстын окуучусу борбор калаадагы 125 мектептин босогосун аттайт.

Билим берүү мекемелеринде жашы жете элек балдар менен иштешүү боюнча тескөөчүлөр, аймактык милиция кызматкерлери кызмат өтөшөт.

Ал эми чектеш аймактардагы жол коопсуздугу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан камсыздалууда.

Количество просмотров: 85