• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектептердеги “кулпунай квик” дары тууралуу маалымат фейк болуп чыкты

6 Бирдин айы 202519:18 Бишкек Govori.TV

Мектептердеги «кулпунай квик» дары тууралуу маалымат жасалма. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Белгиленгендей, WhatsApp мессенджерлеринде мектептерде “кулпунай квик” деп аталган жаңы дары таркатылып жатканы тууралуу жалган маалымат таралууда.

Милиция жарандарды сабырдуу болууга жана такталбаган билдирүүлөрдү жөнөтпөөгө чакырат.

«Ишенимдүү маалымат алуу үчүн расмий булактарга гана кайрылууну сунуштайбыз», — деп белгиленет.

Количество просмотров: 367