• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектептин ажатканасында топ балдар бир баланы ур-токмокко алышкан

31 Үчтүн айы 202514:38 Бишкек Govori.TV

Соцтармакта бишкектик окуучулардын видеосу тарады. Анда топ балдар бир окуучуну уруп, согуп жатышканы тартылган.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, окуя 30-январда Арча-Бешиктеги №93 мектепте болгон. Бул жөнүндө мектеп администрациясы, 30-январда мектептин окуучусу А.А.нын телефонунан көрүп, дароо видеого түшкөн окуучуларды чогултуп, уруш чыгуу себебин аныктап түшүндүрүү иши жүргүзүлгөн.

Ал эми бүгүн, 31-январда балдар менен түшүндүрүү иштери улантылып ата-энелер мектепке чакырылды №93 мектептин администрациясы менен ЖЖИ тарабынан биргеликте жыйын өткөн.

Количество просмотров: 517