• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды

23 Жалган куран 2022 18:12 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук соту пара талап кылуу жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталып жаткан активист Мелис Аспековго карата козголгон кылмыш ишин аяктады.

Буга чейин соттолуучу акыркы сөзүн айткан. Ал иш боюнча анын күнөөсү далилденбегендигин билдирген. Мелис Аспеков өзүнө тагылган айыптарды саясий куугунтук деп эсептейт.

Өкүмдү судья Марат Сыдыков окуду. Ага ылайык Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт.

Эске салсак, Аспеков 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашууда Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага «Алдамчылык» беренеси да кошулган.

Количество просмотров: 595