• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мелис Аспековду сот залынан көтөрүп чыгып кетишти

17 Кулжа 2022 18:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык сотунда Мелис Аспековдун кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү.

Анда Аспековдун үстүнөн арыз жазган Василий Дашков келип сурак берген. Сот отуруму өтуп жаткан учурда айыпталуучу Аспеков Дашковго бир катар суроолорду узаткан. Аспековдун «акчаны мен алдым беле» деген суроосуна, Дашков 250 мин жолларды андан Улан Жураев алганын айткан.

Сот отуруму учурунда судьялар суроо берип жаткан Мелис Аспековго эскертүү берип, тартипти сактоону айтышкан. Натыйжада судьялар отурумду токтотушкан. Ал эми Аспековду конвоирлер колу-бутунан кармап сот залынан чыгарып кетишкен.

Аспековдун жакындары анын жүрөгүнө жакында эле операция жасалганын айтышып, ден соолугу толук калыбына келе элек дешүүдө.

Эске салсак, Аспеков 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашууда Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага «Алдамчылык» беренеси да кошулган.

Количество просмотров: 17821