• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева сот залынан бошотулду

10 Тогуздун айы 202412:07 Бишкек Govori.TV

Журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева сот залынан бошотулду. Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунун судья Кылычбек Истамкулов 11 журналисттин иши боюнча өкүм чыгарды.

Сот “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееваны күнөөлүү деп таап, 5 жылган эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, бирок 3 жылдык пробация колдонуу менен аларды сот залынан бошотту.

Ал эми Тemirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы күнөөлүү деп табылып, 6 жылга, ал эми “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков 5 жылга эркинен ажыратылды.

Соттун чечими менен калган айыпталуучулар кылмыштын курамы жок деген негиз менен акталышты.

Буга чейинки отурумда прокуратура жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган.

Быйыл 16-январда «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган.

Количество просмотров: 124