2024-жылдын 19-сентябрында “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө” президенттин жарлыгы чыккан.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын консультациялык кеңеш берүүчү органынын курамы 15 адамдан түзүлөт.
Анын курамында белгилүү тилчи окумуштуулар, окутуучулар жана журналисттер бар.