• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мелис Турганбаев күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды

12 Тогуздун айы 2019 14:41 Бишкек Govori.TV

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев Грузияда өтүп жаткан ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатта алтын медаль жеңди. Бул тууралуу иш-чаранын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Мелис Турганбаев 11-октябрь күнү 55-59 жаштагы салмагы 78 килограммга чейинки спортчулар арасында мелдешке чыккан. Жыйынтыгында Иран, Украина, Казакстан жана АКШдан келген төрт атаандашын тең жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Финалда спортчу АКШлык Жордж Брэдли менен ат салышып, 4:0 эсебинде жеңип чыкты-, деп айтылат маалыматта.

https://www.facebook.com/100000942143756/posts/3076162282425146/
Количество просмотров: 268