• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мелис Турганбаев шайлоого «Замандаш» партиясы менен барат

19 Баш оона 2020 12:53 Бишкек Govori.TV

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчиси Мелис Турганбаев алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышууну пландап жатат. Бул тууралуу ал «Кабар» агенттигине билдирген.

Маалыматка караганда, Турганбаев шайлоого «Замандаш» партиясы менен бирге барууну пландоодо.

«Бүгүн партиянын съезди өтүп, анда так чечим кабыл алынат. Мен азырынча пландап гана жатам», — деп билдирген Турганбаев.

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) төрагасы болуп 2019-жылдын февраль айында дайындалган.

Количество просмотров: 282