• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Мен азыр эч ким эмесмин». Садыр Жапаров коррупция менен күрөш тууралуу…

4 Бештин айы 2020 10:53 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу тапшырып, президенттик шайлоого аттанган талапкер Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, ага коррупция менен кармалгандардын жакындары суранычтары менен келип жатканын айтты.

«Баш прокурор, УКМК, ИИМ, Каржы полициясынын башчыларын дайындап жатканда: «Мен эч бир олигархты же кайсы бир чиновниктерди калкалабайм. Мамлекеттин казнасына кол салса, салыкты жашырса, коррупциялык иштерге аралашкан болсо мейли ким болбосун жооп берүүгө тийиш» деген элем. Элдин мүлкүн кайтарып беришсин да. Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат. Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, «айтылган сөз, атылган ок». Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп берели. Ансыз коррупцияны жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ушинтип баары бири-бирине байланыштуу туугандар», — деп жазган ал.

Эске салсак, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда экономикалык мынапыс жарыялап, салыгын жашыргандарга, корруционерлерге жана башка жарандарга кайрылуу жасап, өлкөдөн кымырып алган каражатты казынага кайтаруу керектигин айткан.

Количество просмотров: 3743