• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

«Мен үчүн күтүүсүз болду». Ташиев алган сыйлыгы тууралуу пикирин айтты

2 Аяк оона 2022 13:21 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «КР баатыры» наамын алганы күтүүсүз болгонун айтты. Ташиев бул тууралуу пикири менен бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинен соң билдирди.

«Негизинен бүгү+нкү сыйлык мен үчун өтө кутүүсуз болду. Чындыгшында ушу мамлекетибиздин башчысы Садыр Нуркожоевичке ыраазычылык билдиремин. Көп жылдар өтсө дагы биздин эмгегибизди баалап бергенине. Ал эми УКМКнын бүгүнкү кылып жаткан иши жана келечекте кыла турган жумуштарынын эң негизги багыты мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылуу. Мен ойлойм биздин кызматкерлер жумуштарын так аткарып жатат жана мындан ары да аткарат», — деди Ташиев.

Жана ошондой эле Камчыбек Ташиев «бул сыйлык өмүр өткөндөн кийин берилет деп ойлогом» деген пикирин кошумчалаган.

Садыр Жапаров шейшембиде мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде атайын кызматтын башчысы бул жогорку наамды негизинен улут аралык жаңжалды токтотуудагы ишине байланыштуу алганын билдирген.

Количество просмотров: 322