• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

«Мен депутатмын». Көкүловдун министрдин иш бөлмөсүнө кирип барганы талкууда

6 Аяк оона 2023 9:30 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов жарандардын суроо-талаптарын каттаган Билим берүү министрлигинин WhatsApp номери иштебей жатканына нааразы болуп, министр Каныбек Иманалиевдин иш бөлмөсүнө кирип барган учурдагы видео тарады.

Анда депутат министрдин кабыл алуусун талап кылган. Иманалиев кезек менен кабыл ала турганын айтып, экөөнүн ортосунда кайым айтышуу орун алган.

Эл өкүлүнүн мындай жүрүм-туруму социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады.

Ал эми министрлик 0999 80 05 00 WhatsApp номери чалуулар үчүн эмес, смс билдирүүлөр үчүн ачылганын айтты.

Депутат бул боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 1873