• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Мен көпкө жашамак эмес экенмин». Музыкант Рузахунов Алматыда кыйноого кабылганын айтты

10 Бирдин айы 2022 17:58 Бишкек Govori.TV

Казакстанда болгон башаламандык учурунда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов ыраазычылык постун жарыялады. Социалдык тармактагы баракчасына жазган постун ал, алгач казак телеканалына ыраазычылык билдирүү менен баштаган.

«Баарыңыздарга ыраазычылыгымды билдирем. Жана Казакстан телевидениесинен баштайын… Ооба, ооба, силерге рахмат. Интервью болбогондо менин кайда экенимди, мага эмне болгонун эч ким билмек эмес. Сиздердин аркаңыздар менен дүйнө жүзүндөгү акыл-эстүү адамдар болуп жаткан окуялардын чын-бышыгын түшүнө алышты, Казакстандагы окуяларга байсалдуу баа беришти. Мен журналисттерге эч ким ишенбей турганын, Кыргызстанда жумушум бар экенин айтсам да укпай коюшту…

Жүздөгөн негизсиз камалган, бейкүнөө адамдардын ичинен мени тандап, сценарийди жаттатып, камерага кайра-кайра айттырган адамга рахмат. Дарыгерлердин айтымында, мен көпкө жашамак эмес экенмин. Анткени сынган кабыргаларым өпкөмдү жабыркатып койгон экен. Дагы бир-эки сокку болгондо жүрөккө зыян келмек экен», — деп жазды ал.

Өз кезегинде Викрам Рузахунов өлкө башчы Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жана аны колдогон бардык жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

Количество просмотров: 7625