• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Рузахунов менен Сыдыковдун кыйноого кабылышы боюнча кылмыш иш козголду

14 Бирдин айы 2022 13:17 Бишкек Govori.TV

 Казакстандагы башаламандык учурунда кармалган Викрам Рузахунов жана Чолпонбек Сыдыковдун кыйноого кабылышы боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков билдирди.

“Рузахунов менен Сыдыковдун кыйноого кабылышы боюнча Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду. Иш адилеттүү, акыйкат каралат деген кепилдик беришти. Ошондой эле кыйноолор менен иш алып барган органы бар экен. Алар эртеси эле бизге кайрылып, Сыдыковдун абалын сурап, сурак протоколун жүргүзөлө дешти”, — дейт Азарбеков.

Эске салсак, Казакстанда январь окуяларында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов жана Чолпонбек Сыдыков кармалып, кийин Кыргызстанга жеткирилген. Ага чейин Рузахунов митингге акча үчүн катышканын айткан видео тасма тараган. Ал эми Чолпонбек Сыдыков катуу сабалып, буту сынган.

Количество просмотров: 151