• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Рузахуновдун Алматыда кармалып, кайра кое берилиши талкуу жаратты

11 Үчтүн айы 2022 18:02 Бишкек Govori.TV

9-январда «Qazaqstan» телеканалы бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганынан улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымалдыгын жазышкан.

Коомчулукта резонанс жараткан бул окуяны өлкөнүн президенти баш болгон тийиштүү органдар өз көзөмөлүнө алышкан.

Алматыдагы башаламандыкка шектелип кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кечээ, 10-январда Бишкекке келди.

Анын айтуусунда, бети-башы аскерлер кармаган учурда көгөргөн. Башаламандыкка жалданып келгени тууралуу моюнуна алган видеону кыйноо жолу менен эмес, камерада чогуу отургандардан Кыргызстанга тез кайтуунун жолу катары угуп өзү айтканын кошумчалады.

Анын казак күч органдары тарабынан кармалып, кайра кое берилүүсү коомдо бир катар кептерди жаратты.

Количество просмотров: 172