• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Рузахуновдун саламаттыгына оор залал келтирилгени аныкталды

12 Теке 2022 14:25 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы Январь окуяларында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун саламаттыгына оор залал келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү жүргүзгөн тергөөдө жана соттук-медициналык экспертизада аныкталганын Рузахунов өзү Фейсбук баракчасына жазды.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы музыкант Викрам Рузахуновдун кыйноого кабылышы боюнча ишти тергеп бүттү.

«Экспертизада менин ден соолугума оор залака келтирилгени аныкталган. Топтолгон материалдар күнөөлүү тараптарды аныктап жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Казакстандын компетенттүү органдарына жиберилет», — деди Рузахунов.

Эске салсак, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы 9-январда митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолётко билетин алып берип батирге жайгаштырганын билдирген.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерт койгону барганын маалымдаган. Эки күндөн кийин кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүнөн соң Бишкекке жеткирилген. Кийин ал ооруканада операция болгон. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыккан жана кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын билдирген.

Количество просмотров: 853