Бишкек.04.04.2019.Govori.TV.
Эртең, 5-апрелде «Мен, кантип жергиликтүү кеңештин депутаты болом?!» аттуу бир айлык курсу башталат. Бул тууралуу Бакыт Рыспаевдин тренинг борборунун фейсбуктагы баракчасында жазылган.
«Бул курста, ушул жана келерки жылы боло турган айылдык жана шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер болом, өз айылымдын же шаарымдын өнүгүшүнө өз салымымды кошом деген активдүү жарандарды көп жылдык тажрыйбада топтолгон атайын методика менен даярдайбыз. Каалоочуларды биздин тренинг борбордон күтөбүз!»,- деп жазылат малыматта.