Токтогул районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бир катар социалдык объектилер жана жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы бир катар социалдык объектилерди жана жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктады. Жалпы аянты 1,3 га болгон «Токтогул» автобекети мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Автобекет 2009-жылы мыйзам бузуу менен жеке адамга төмөндөтүлгөн баада сатылган. Автобекеттин базар баасы 63 817 000 миллион сомго бааланууда.
Мындан тышкары, Токтогул районунун Торкен айылында жайгашкан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген соода комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул комплекстин базар баасы 4 155 000 сомду түзөт.
Ал эми Токтогул шаарынын мэриясынын балансына, шаардын А.Козубеков атындагы паркынын аймагында жайгашкан 1,49 га жери менен жайкы кинотеатр өткөрүлүп берилди. Анын базар баасы 73 610 455 миллион сомду түзөт.
Токтогул шаарынын «Тайбала-Кечүү» тилкесинде жайгашкан 2 гектардан ашык жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Жер тилкесинин базар баасы 7 миллион сомду түзөт.