• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

«Мени ылдый түш, өйдө түш деп, бир аз этияттап сүйлөңүз». Депутат менен төрага кайым айтышты

14 Бугу 202016:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-майда «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору 1-окууга киргизилип, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Парламенттин депутаттарын шайлоодо босого баллды 7 пайызга (учурда 9%) түшүрүү туралуу пикирин айтып жаткан депутаттардын ортосундагы кайым айтышуулар түшкү тыныгуудан кийин да уланды.

Буга чейин депутат Кенжебек Бокоев регламент бузулганын белгилеп: «Ушул боюнча айтып кетсек, урматтуу төрага, урматтуу комитеттин төрагасы, комитеттин төрагалары, регламент бир эмес жыйырма-отуздап бузулду, бул өнөкөт болуп калды. Стенограмманы алып келем, кааласаңар. Комиссия түзүп туруп, регламенттин бузулушу боюнча маселени токтотууну көтөрүп келем», — деген.

Төрага Дастанбек Жумабеков: «Бул мыйзам долбоору боюнча регламент эч бузулган жок. Бардыгы өзүнүн жолу менен кетти. Комитеттен каралган, мага келип түштү, ошол эле депутаттар кол коюп берди, чечим чыкты.

Анан сүйлөгөндө да этияттап сүйлөйлү. Бири-бирибиздин дарегибизге сөз кетирбей, урматтуу депутаттар. Парламент сиздерге жакпайбы, анда сиздерди эч ким кармаган жок. Эч ким кармаган жок. Анча эмне кекетип сүйлөйсүздөр, эч ким кармаган жок сиздерди», — деген пикирин билдирген.

Түшкү тыныгуудан кийин Кенжебек Бокоев төрагага жооп берди.

«Жана мен сиздин же комитеттин жетекчисинин адресине кызматтан кет же парламенттен кет деп сөз айткан жок элем. Сиздин көңүлүңүзгө салып коеюн деп жатам. Өзүңөрдү баарын кетирүүчү элестетип албасаңар. Эл каалаганда парламентти кетирет. Эл шайласа парламент келет. Сиз жөн эле алып баруучусуз. Мындай биртке ылдый түшүп, ордуңарга келсеңер, өзүңөрдү элестетип кетпей… Парламентте эки стандарт бар, ушундай кош стандарт менен парламентти уят кылып жатасыңар деп айттым, төрага катары сизге чара көрсүн деп. Мен ошол факттарды негиздеп бере алам. Канча жолу регламент бузулуп жатат. Бир мыйзам кирет, бир мыйзам 3 жылдап кирбейт. Ошол жөнүндө айтып жатам. Парламент жакпаса кетип кал деп мага үйрөтпөсөңөр. Өзүңөрдүн деңгээлиңерди карап алгыла», — деди Бокоев.

Дастанбек Жумабеков депутаттын дарегине кет деген сөз айтпаганын белгиледи.

«Мени ылдый түш, өйдө түш деп, бир аз этияттап сүйлөңүз. Эки-үч жолу микрофонго чыгып, менин дарегиме сөз сүйлөсөңүз болот экен да, биз айтсак болбойт экен. Анда сиз да этияттап сүйлөңүз. Мен жерде эле басып жүрөм», — деди төрага.

Количество просмотров: 3296