• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Мэр аянттагы туу түшүрүлүп, нурлары саналганын айтты

3 Үчтүн айы 202416:58 Бишкек Govori.TV

Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко илинген жаңы желек 2-январда түшүрүлүп нурлары саналганын айтты. Бул тууралуу ал 3-январда мамлекеттик ЭлТР телеканалына берген комментарийинде билдирген.

Анын айтымында, “туунун нурлары 39 эле экен” деген маалымат чындыкка дал келбейт.

“Социалдык тармактарда көп талкуу болгондуктан туубузду ылдый түшүрүп да тартып, элге эсебин чыгарып, 40 нуру бар экенин көрсөтүп бердик. Мыйзамга туура келерин аныктап, видео тараттык”, — деди Айбек Жунушалиев.

Аянтка жаңы туу илингени 1-январь эртең менен белгилүү болгон. Көп өтпөй социалдык тармактын бир катар колдонуучулары тууда күндүн 40 эмес, 39 эле нуру бар экенин жазып чыгышкан.

Количество просмотров: 307