Инвесторлор борбор калаага метро курууну сунуштап жатышат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Эльдар Абакиров белгилегендей, Ош жана Бишкек шаарларынын калкы тездик менен өсүп жатат, борбор калаада жашоочулардын саны 2 миллиондон ашты, ошондуктан метро курууну баштоо керек.
«Кийинки жумада жыйын болот. Бизге инвесторлор чыгып жатышат, метро куруу боюнча өз сунуштарын берет. Биз карап көрөбүз, эгер ыңгайлуу шарттар болсо, анда биз баштоого даярбыз», — деди мэр.