Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Эрмек Нургазиевдин кызматка коюлушун сындады. Ал бул тууралуу пикирин «Инстаграмдагы» баракчасына жазды.
Мындан улам жаңы гана дайындалган калаа башчысынын милдетин аткаруучу кызматтан алынганы айтылды.
Эске салсак, бүгүн Түлөбаев кызматын тапшырып, ордуна Эрмек Нургазиев келген.
Эрмек Нургазиев жокко чыккан шайлоодо “Кыргызстан” партиясы менен ЖК депутаттыгына аттанган.
Мындан тышкары, Нургазиев көп кабаттуу үйлөрдү курууда алдамчылыкка айыпталып жүргөн. Ошондой эле ал аял кишиге кол көтөрүп коомчулуктун сынына калган.
Жаңы эле дайындалган Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нургазиевдин кызматтан кетүүсүн коомчулук түрдүү кабыл алган: