• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мэр Суракматов Орозо айтта чогулбай, тартипти сактоого чакырды

23 Бугу 2020 13:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов
шаар тургундарын Орозо айт майрамы менен куттуктап, айт күнү шаар тургундарын чогулбоого жана байланышты азайтууга чакырды.

Анын айтымында, Бишкекте эпидемиологиялык абал кооптуу болуп турат.

«Бул оорунун симптомсуз өткөн учурлары көп. Демек инфекциянын жайылышын шарттаган учурлар көп. Баарыбыз эпидемиологиялык нормаларды так сактайлы», — деди мэр.

Мындан тышкары, Суракматов Бишкек шаарында жалпы 348 адам коронавирусту жуктурганын анын көбү Ленин районунда аныкталганын кошумчалады.

Количество просмотров: 69