Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине уруксат кагазынын кереги жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү онлайн жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.
«Мамлектеттик органдардын, ИИМ кызматкерлери, дарыгерлер, ӨКМ кызматкерлери, мамлекеттик органдарын кызматкерлери, ММК кызматкерлери, энергетика тармагынын кызматкерлери күбөлүгү же кызмат ордунан уркусат кагазы менен жүрө алышат. Алар уруксат кагазын салык кызматынан күбөлөндүрүүнүн кажети жок», — деди мэр.