• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу микроавтобус милиция кызматкерин сүзүп кетти

1 Тогуздун айы 2018 10:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.
Бишкектин борборунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу микроавтобус Бишкек ШИИБ ЖКККБдин инспекторун коюп кетти. Бул тууралуу окуя болгон жерден Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маалымдады.
Маалыматта  жол кырсыгы бүгүн  саат 9:10дор чамасында Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде болгондугу айтылат.
Күбөнүн айтымында, жабыркаган инспектор окуучуларды жөө кишилер өтө турчу жерден өткөрүү үчүн айдоочуларды токтотуу үчүн жолго чыккан.
 Анда маршрутка какканда ал 10 метрдей учуп кеткен.
Ал эми а йдоочу болсо башка тарапты карап алаксып кеткендиктен инспекторду көрбөй калганын билдирди. Ал эми кичи автобустун маңдайкы айнеги сынып, алды мырыйып кеткен.
Дарыгерлердин айтымында, инспектордун бели сынып кетиши мүмкүн деп божомолдошууда.

 

Количество просмотров: 26