Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетип жатканын жар салды. Анын ордуна милдетин аткаруучу болуп шаардын экс-мэри Нариман Түлеев дайындалганы айтылды.
Кызматка киришип жаткан Түлеев маалымат жыйын учурунда Бишкектеги жаралган маселелерди чечүү үчүн келип жатканын белгиледи.
«Шаардык мэрияга 6 ай ичинде күнүнө 24 саат бою иштөө үчүн келдим. Эгер 6 ай бою күнү-түнү иштесек, анда бир жыл иштеген болобуз. Албетте жаралган көйгөйлөрдүн баары каражатка барып такалат. Бирок, маселени чечүүгө аракет кылабыз. Ошол эле коронавирус, коомдук транспорт, жашылдандыруу сыяктуу маселелер бар», — деди Түлеев.
Мындан тышкары ал мурунку мэр Азиз Суракматов жакшы алып барганын кошумчалады.