• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мэрия: 20-июндан баштап батуттарга тыюу салынат

7 Кулжа 2022 18:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 2022-жылдын 20-июнунан баштап Биринчи май районунда белгиленбеген жерлерде (сейил бактарда, скверлерде, тротуарларда, бульварларда ж.б.у.с.) батуттарды колдонууга толук тыюу салуу күчүнө кире тургандыгын кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, батуттарды жабык же адистештирилген жайларда, ири соода борборлорунда жана оюн-зоок парктарында гана орнотууга туура келет.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 25-мартындагы №71-б «Белгиленбеген жайларда соода жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө» буйругуна ылайык көрүлгөн.

Количество просмотров: 1303