• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мэрия: Бишкекте шамалдан 50дөн ашык бак кулаган

10 Чын куран 2020 9:20 Бишкек Govori.TV

Туруксуз аба ырайына жана шамалга байланыштуу Бишкек шаарындагы айрым райондордо бак-дарактар кулады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17:00 чамасында кулаган 50 бак-дарак, 44 ири бутактар, алардын арасында терек, карагайлар бар экени аныкталган.

«Кэчээ, 9-апрелде шаар тургундарынан кулаган бактар боюнча 40га жакын билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге «Бишкек жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын тез жардам кызматы барып, тазалап жатты. Аларга «Тазалык », «Бишкексвет», «Бишкекасфальсервис» муниципалдык ишканаларынын тез жардам бригадалары дагы жардам беришти. Шаарда жалпысынан 24 мобилдик бригада, 160 жумушчу көчөлөрдөгү бактарды тазалашты»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 128