Эртең, 25-майдан тартып, Бишкек шаарында коомдук транспорт жүрө баштайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мэриянын маалыматына караганда, коомдук транспорттор адаттагыдай эле жүрүп, бирок санитардык коопсуздук чараларын так сактоо менен, унаалардын кире беришинде санитардык тазалагычтар орнотулат. Айдоочулар жана жүргүнчүлөр бет кап жана кол кап кийишет.
«Жүргүнчүлөрдү ташуу 60-70 пайыз өлчөмдө жана санитардык аралыкты сактоо менен жүргүзүлөт. Унаанын салону бир нече жолу дезинфекцияланып, ар бир каттамдан кийин эшик туткалары, орундуктар сүртүлүшү керек. Шаардыктардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн «Тулпар» электрондук накталай эмес тарифтик тутуму иштейт»,-деп айтылат маалыматта.