• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мэрия «Глобус» менен «Фрунзе» адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратууда дейт

25 Аяк оона 2020 11:54 Бишкек Govori.TV


Бишкек шаардык мэриясы райондук акимиаттар менен түзулгөн мобилдүү топтору менен шаардагы эл көп чогулуучу аймактарды кыдырууну жана ишкерлерге түшундүрүү иштерин жүргүзүүнү улантып жатат.

Бул жолу Биринчи май районунун акимиаты милиция кызматкерлери жана башка мекемелер менен биргеликте текшерүү менен «Глобус» жана «Фрунзе» соода дүкөндөрүнө барышкан.

«Анда бир катар эреже бузуулар аныкталган: Дезинфекциялык килемдин жоктугу, кирип бара жатканда колду тазалоо жана дене табын өлчөө болгон эмес. Мындан тышкары соода түйүндө жүргөн жарандардын дээрлик көпчүлүгү беткапсыз болушкан», — деп жазылат шаар башкармалыгы тараткан маалыматта.

Аталган дүкөндүн башкармалыгына карата айып салынды.

Мэрия жарандарды беткап тагынууга жана санитардык талаптарды сактоого чакырат.

Количество просмотров: 5066