• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Мэрия Кытайдан 100 автобус сатып алат 

27 Чын куран 2020 20:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясы Кытайлык компаниядан  100 автобус сатып алат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаа башкармалыгы газ менен жүрүүчү автобустарды алуу үчүн кышында сынак жарыялап, ага кытайлык беш компания жана Орусия менен Белорустун бирден компаниялары катышкан. Жаңы автобустарды сатып алуу үчүн бюджеттен 650 миллион сом каралган.

Сынактын жыйынтыгы менен кытайлык Xiamen king long united automative industry Co., Ltd компаниясы жеңишке ээ болуп, автобустарды алып келмей болду.

Автобустар 2020-жылы чыккан. Бир транспортко 70тен ашык адам батат. Отургучтардын саны 26дан кем эмес. 

Количество просмотров: 473