• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мэрия Маданият министрлигине айыппул салды

24 Баш оона 2020 15:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы сейил бак таштандыдан тазаланбаганы үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, паркты санитардык тазалоо боюнча буйрукту аткарбагандыгы үчүн аталган ведомствого карата протокол түзүлгөн.

«Ю.Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бактын кароосуз калгандыгы жөнүндө шаар тургундарынан көптөгөн даттануулар түшүүдө. Санитардык патруль парк аймагында тартипсиздик фактысын аныктап, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине мыйзам бузууну четтетүү боюнча мыйзамдуу буйрук чыгарган, бирок коомдук жайлар тартипке келтирилген эмес. Агенттик жөн эле кир жана куурап  жаткан бак-дарактарга көңүл бурбайт», — деп айтылат маалыматта. 

Ушуга окшогон маселелер боюнча төмөнкү номерлерге кайрылуу керек:

Санитардык-экологиялык инспекциянын номери: 0558 588 840.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Количество просмотров: 87