• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мэрия: Маршрутка айдоочулары иш таштаса лицензиялары алынат

15 Үчтүн айы 2021 14:47 Бишкек Govori.TV

Маршрутка айдоочулары иш таштай турган болсо Бишкек мэрия ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып алууну суранып Транспорт министрлигине кайрылат. Бул тууралуу Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев билдиргенин Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

«Мэрия коомдук транспорттун жол кире акысын көтөрүү маселесин караган жок. Эгер айдоочулар иш таштай турган болушса, биз Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылып, айдоочулардын лицензиясын алуу маселесин карайбыз», — деп билдирген Бейшенбаев.

Эске салсак, Бишкектеги маршруттук микроавтобустардын айдоочулары коомдук транспорттогу жол кире акысын көбөйтүүнү талап кылышкан. Эгер андай болбой турган болсо ишти токтотуп митингге чыгышарын айтышкан болчу.

Количество просмотров: 134