• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мэрия мыйзамсыз иштеген соода жайларды жапты

22 Теке 202215:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын көчөлөрүндө мыйзамсыз иштеген 35 соода түйүнү жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, шаардык жана райондук тийиштүү кызматтар «Ынтымак» жана «Ынтымак-2» сейил багында рейд өткөргөн.

«Көчөдө соода-сатык менен алектенгендер электр станцияларына мыйзамсыз туташып, шаардын бюджети жана электр энергиясы чыгымга учурап жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 258