• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мэрия мыйзамсыз соода менен күрөшөт

14 Тогуздун айы 202411:21 Бишкек Govori.TV

Борбордун муниципалдык инспекциясы борбордук аянттагы башаламан соодага каршы масштабдуу рейд өткөрдү. Буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабастан, соодагерлер эскертүүлөргө көңүл бурушкан эмес. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Рейд учурунда 7 соодагерге карата КР Укук бузуулар кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 21 000 сомго протокол түзүлгөн.

Товарларды сатуу менен жашы жете элек өспүрүмдөр да алектенип, алар менен участкалык инспекторлор иштешкен.

Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык соода санитардык жана өрткө каршы нормаларды сактоо менен атайын бөлүнгөн жерлерде, ошондой эле тиешелүү салык чегерүүлөрү менен жүргүзүлүшү керектигин мэрия эскертет.

Количество просмотров: 106