• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Мэрия: Орокто пайда болгон курт-кумурскалардын зыяны жок

19 Үчтүн айы 202214:48 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Орок жаңы конушунда пайда болгон курт-кумурскалардын зыяны жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын энтомологдору Орок конушунда жайылып кеткен курт-кумурскалардын зыяны жок экенин аныкташкан.

«Жылуу аба ырайына байланыштуу бул жандыктар эрте чыгышкан. Алар чөп менен азыктанышат жана шаарда да кездешет»,-деп айтылат маалыматта.

Энтомологдордун айтымында, аба ырайынын өзгөрүлүшү менен, күндүн суукташын бул курттар көтөрө албай өлүшү мүмкүн.

Буга чейин социалдык тармактарда Орок жаңы конушунда жашаган тургундар тарабынан кечээ,18-январь күнү айылда белгисиз курт-кумурскалардын пайда болгону тууралуу видеолор жайылган.

Теги:
Количество просмотров: 509