• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ороктогу жаңжал боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

1 Тогуздун айы 2019 9:02 Бишкек Govori.TV

Сокулук районундагы Орок айылында болгон ок атышуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мушташтын катышуучулары аныкталды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Керектүү экспертизалар дайындалды. Милиция ок чыгарган кишини кармоо иш-чарасын жүргүзүүдө. Жаңжал кыргыз улутундагы жаштар арасында чыккан», -деп билдиришти ОИИББдан.

Кечээ Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Орок айылында жаңжал чыккан.

Эске салсак, Орокто буга чейин да жаңжал чыккан. 5-июнда Орок айылындагы мечиттен чыгып бара жаткан 3 өспүрүм уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм 1 баланы сабап салышкан, кесепетинен бала жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийин урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн.

Количество просмотров: 39