• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Мэрия: Орусияны колдоо акциясына мектеп окуучуларын катыштыргандардын жоопкерчилиги каралат

22 Жалган куран 2022 17:31 Бишкек Govori.TV

Максим Горький гүлбагында Орусияны колдогон акциядагы балдар шаардагы мектептердин биринин окуучулары экени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Мэрия Эмгек кодексине ылайык, клубдун жана мектеп өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги караларын маалымдады.

«Окуучулар 21-марттан 31-мартка чейин жазгы каникулга чыгышкан. «Алар иш-чарага аскердик-мекенчилдик клубунун мүчөсү катары катышкан жана ата-энесинин коштоосунда барган» деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн, 22-мартта Орусияны колдогондор Бишкектин Максим Горький атындагы гүлбакка акцияга чыгышты. Алардын арасында жарандык активисттер, шаар тургундары, окуучулар, бар. Анда аскердик кийим кийип, эки өлкөнүн желектерин кармаган өспүрүмдөрдүн сүрөттөрү тараган.

Теги:
Количество просмотров: 80