Паникага алдырбайбыз! Жылан жөн гана сейилдеп жургөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мэрия тараткан маалыматка ылайык, удав адамдарга эч кандай зыян алып келбейт жана коркунуч жаратпайт.
«Карантин убагында зоопарк жабык, ал эми жыланга эшикке чыгып, күн желесин көрүп туруу зарыл. Андыктан кээде аларды сыртка чыгарып турушат», — деп айтылат маалыматта.
Шаардык мэрия кошумчалагандай, жарандар мындай сыңары окуяларга дуушар болсо паникага алдырбай, ага карата күч колдонуу менен кармоого аракет кылбоо айтылды.
Белгилей кетсек буга чейин «Космопарк» соода борборунун жанында эки метрлик жыландын жүргөнү тууралуу видео тараган эле. Көп өтпөй шаардагы зоопарктын кызматкеримин деген жаран жылан тууралуу түшүндүрмө берип, зоопаркта карнатин болуп жаткандыгына байланыштуу удав сейилдөө үчүн чыгарылганын айткан.