• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Мэрия: Санитардык талаптар сакталбаган кафелер аныкталды

2 Кулжа 2020 15:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында санитардык талаптар сакталбаган кафелер аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолу эреже бузгандардын тизмесине «Live Bar», «Фрунзе», «Мира», «Ди-2», «Барскон», «Империя Пиццы» кафелери, «Шашлычная №1», «Белес» чайканалары, «Тюбетейка» ресто-клубдары кирди.

«Тамактануучу жайларда орундардын саны 50дөн көп болгон. Ошондой эле санитардык эрежелер сакталган эмес. Аталган жайлардын ээлерине карата Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу, ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо — 2-категориядагы айып пул: физикалык жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом айып салынат) менен протокол түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 153