• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Мэрия: «Тазалыктын» жумушчулары штаттык режимде иштеп жатат

18 Чын куран 202210:44 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери штаттык режимде милдеттерин аткарууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Таштандыларды чыгарууга 101 жүктөгүч жана 43 атайын техника тартылган»,-деп жазылат маалыматта.

Буга чейин «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жетекчилердин тез-тез алмашышынан айлыктары кечигип, унаа оңдоого акча бөлбүнбөй жатканын айтып иш ташташкан.

Количество просмотров: 115