• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Мэрия «Тазалыктын» жумушчуларын кызматтык милдеттерин аткарууга жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

15 Чын куран 2022 13:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын митингге чыгып, жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылышы боюнча үн катты..

Мэрия билдиргендей, мурунку жетекчиликтин 2019-2020-жылдар аралыгындагы ишинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган. Бул иш Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-октябрындагы №136 токтомун бузуу менен жүргүзүлүп, 7 339 300 сомдук зыян келтирилген. Ошондой эле, бекитилген сметада каралбаган тейлөө кызматкерлерине кошумча төлөмдөр боюнча 42 321 900 сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн 35 348 300 сом дал келбөөчүлүк жаралды. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан «Тазалык» МИнин 2019-2020-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 54 882 000 сомдук мыйзам бузуулар аныкталган.

Анын ичинде:

  • 25 793 900 сом — келишимдерди негизсиз түзүү, жасалма өткөрүлгөн конкурс, аванстык төлөмдөр жана башкалар;
  • 15 707 000 сом — муниципалдык заказдын эсебинен негизсиз сый акы акы төлөө;
  • 6 101 800 сом — күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруу;
  • 4 558 400 сом — негизсиз орнотулган жана иштен чыгарылган тетиктер;
  • 1 227 900 сом — товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги;
  • 455 000 сом — каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу.

«Бул текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар юридикалык баа берүү жана зарыл чараларды көрүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Борбор калаанын мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин кызматтык милдеттерин аткарууга жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырат»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-апрелде Бишкекте «Тазалык» муниципалдык мекемесинин жумушчулары ишке чыккан жок. Алар ишкананын алдына топтолуп, азыркы жетекчиге нааразылык билдиришти. Мындан башка да бир топ талаптарды, мисалы, жетекчи көп алмашып, ишти билбеген кадрлар келип жатканын айтышты. Алардын айтымында, мекеменин профсоюз уюму төлөмдөрдү кармап калат. Ден соолугу начар жумушчуга дарылануу үчүн жолдомо берилиши керек эле, бирок ал да берилбей келет.

Количество просмотров: 132