• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Мэрия жарандык активист Атай Бейшенбек жарыялаган документ боюнча комментарий берди

30 Жалган куран 2022 18:13 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист Атай Бейшенбек жарыялаган документ боюнча Бишкек мэриясы комментарий берди.

«Мындай сунуш жарандарды адаштыруучу жалган маалыматтардын алдын алуу максатында шаардык кызматтарга жөнөтүлгөн. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 16-пунктуна ылайык, муниципалдык кызматкерге өзүнөн жогору турган органдын же кызмат адамынын аракеттерин эл алдында айыптоого тыюу салынат», — деп айтылат мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Буга чейин активист Атай Бейшенбек «Фейсбук» баракчасына Бишкек мэриясынын кайрылуусун жарыялаган. Анда мэриянын аппарат башчысы Азиз Садырбековдун колу коюлган кайрылуу борбордогу район акимдерине, мэрияга караштуу мекемелердин жетекчилерине жолдонгон.

Документте кызматкерлерге бийликти сындаган жаңылыктарга лайк басып, бөлүшпөөгө чакырык жасалып, «Муниципалдык кызматкерлердин ичинен колдонуучулар өздөрүнүн этиятсыз аракеттеринен улам мамлекеттик саясатты ишке ашыруусуна көлөкө түшүрүшү мүмкүн», — экени эскертилген.

Теги:
Количество просмотров: 117