Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдык мааракесине бөлүнгөн 2,5 млн сом оптималдаштырылып, шаардын эсебинде калат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каражат кийин шаардын маанилүү муктаждыгына пайдалануу пландалып жатат.
«Бишкек шаарында 9-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган салют атылат. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул иш-чаралар Жеңиш аянтында саат 22:00дө башталат. Иш-чарага шаардыктар катышпайт»,-деп айтылат маалыматта.