• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мэрияда 120 электробус сатып алуу боюнча долбоордун экинчи этабы талкууланды

27 Үчтүн айы 2023 14:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясында Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, анда Бишкек шаарына 12,5 метрлик 120 электробус сатып алуу боюнча долбоордун экинчи этабы талкууланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Долбоордун алкагында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан АӨБнын жөнөкөй капиталдык ресурстарынан 25 млн АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген насыя жана АӨБнын атайын каражаттарынын ресурстарынан 25,65 млн АКШ долларынан ашпаган суммада грант берилүүсү пландаштырылууда.

Биринчи этаптын алкагында автопарк үчүн электр автобустар сатып алынат. Ошондой эле эки троллейбус автобазасынын инфраструктурасы модернизацияланып, пилоттук негизде «жашыл» мобилдүүлүк коридору түзүлүп, коомдук транспорттун жаңы түрүн иштетүү үчүн кызматкерлер окутулат.

Количество просмотров: 70