• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мэрияга караштуу үч мекеме бириктирилет

9 Бештин айы 202115:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы, Муниципалдык мүлк башкармалыгы, «Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары» ишканасы бириктирилип, Бирдиктүү мүлк башкармалыгы түзүлөт. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Жер ресурстар башкармалыгы — шаардагы жерге байланыштуу маселелерди тескөө боюнча мекеме.

Муниципалдык мүлк башкармалыгы – муниципалдык объекттерди, кыймылсыз мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча мекеме.

«Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары» ишканасы шаардагы акы төлөнүүчү автоунаа жайларын тескейт.

Количество просмотров: 392