Бүгүн, 15-декбрда Бишкек шаардык мэриясынын алдында калаадагы баш аламан курулушка каршы митинг өтүп жатат.
Акцияга чыккандар жаңы курулуп жаткан үйлөр стандартка жооп бербей турганын айтышып, курулушка уруксат берип жаткан шаар бийлигин жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатышат.
Ошондой эле чогулгандар шаар башчылыгын абанын булгануусун токтотуу боюнча чара көрүүгө чакырышууда. Мэриянын жетекчилиги акциянын катышуучулары менен азырынча чыгып жолуга элек.
Булак: «Азаттык»