• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук курама Жалал-Абаддагы “Барселона” академиясында машыгуу өткөрөт

28 Бугу 202410:02 Бишкек Govori.TV

Күн мурун Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы машыгуу үчүн Жалал-Абад шаарына келди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Футболчуларды «Жалал-Абад» аэропортунан шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңшинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, спортчулар жана футболчулардын күйөрмандары тосуп алды.

Улуттук курама команда Жалал-Абаддагы «Барселона» академиясында машыгуу өткөрөт. Машыгуу 4-июнга чейин уланат.

Белгилей кетсек, футбол боюнча улуттук курама команда, Дүйнө чемпиондугуна жана Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында июнь айында Малазия жана Оман менен беттеш өткөрөт.

Количество просмотров: 149